Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2019-жылдын 27-апрели № 29
Бекмолдо айыл аймагынын тургундарынын жана айыл башчылардын жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагынын тургундарынын жана айыл башчылардын жазган кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагына тиешелүү каналдардын лотокторун оңдоого , шлюстарды сатып алууга жана аларды орнотууга, зарыл болгон материалдарды сатып алууга, айыл ичиндеги көчөлөргө трубаларды сатып алууга 1 900 000 ( бир миллион тогуз жүз миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |