Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-апрели № 33
27.08.2018-жылы чыккан №94 токтомун кайрадан бекитүү жөнүндө
27.08.2018-жылы чыккан № 94 токтомун карап жана талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айылдык кеңеши тарабынан чыккан 2018-жылындагы 27.08. №94 сандуу токтому күчүндө калтырылсын .
2. Сасык-Булак айылындагы маданият үйүнүн күн батыш тарабындагы бош жаткан жерге кичи футбол аянтчасын салуу үчүн чыккан токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
3. Сасык-Булак айылындагы маданият үйүнүн күн батыш тарабындагы бош жаткан жерге кичи футбол аянтчасын ордуна Сасык-Булак айылындагы Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин аянтчасына кичи футбол аянтча салуу үчүн 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң)сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
4. Сасык-Булак айылындагы Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин аянтчасына салуу үчүн кичи футбол аянтчасын салууга технадзор кызматынан пайдалануу жана сметалык наркын аныктоо иштери үчүн 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сом акча каражатынын ичинен каралсын.
5. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |