Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2019-жылдын 27-апрели № 41
Кеңеш айылынын тургуну Насир уулу Дастандын жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Кеңеш айылынын тургуну Насир уулу Дастандын жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып , Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылынын тургуну Насир уулу Дастандын жазган кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагынын Кеңеш айылынын түндүк тарабынан агып жаткан Талас суусуна көпүрө салуу үчүн 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |