Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2019-жылдын 27-апрели № 43
Бекмолдо айыл аймагынындагы А.Бөрүбаев , Жумагул уулу Алымкул , Г.Орозалиева жана Хан –Бүргө орто мектептеринин директорлорунун жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беколдо айыл аймагындагы А.Бөрүбаев , Жумагул уулу Алымкул , Г.Орозалиева жана Хан–Бүргө орто мектептеринин директорлорунун жазган кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагындагы А.Бөрүбаев , Жумагул уулу Алымкул , Г.Орозалиева жана Хан –Бүргө орто мектептерине компьютер жабдыктары жана эмеректерин сатып алуу үчүн 1 000 000 ( бир миллион ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |