Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2019-жылдын 27-апрели № 45
13.07.2018-жылы чыккан №69 жана 13.03.2017 жылы чыккан №39 токтомун кайрадан бекитүү жөнүндө
13.07.2018-жылы чыккан № 69 жана 13.03.2017 - жылы чыккан №39 токтомун жана карап жана талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айылындагы ИСКАКБ “Кара-Ой таза суу ”нун суу системасын жетиштүү дэңгээлде оңдоо иштерине 3525 388 (үч миллион беш жүз жыйырма беш миңүч жүз сексен сегиз) сом берилсин деп 13.03.2017 –жылдын Бекмолдо айыл кеңеши тарабынан чыккан №39 токтому жана 13.07.2018-жылы № 69 токтому күчүндө калтырылсын.
2. Кара-Ой айылындагы ИСКАКБ “Кара-Ой таза суу ”нун суу системасын жетиштүү дэңгээлде оңдоо иштерине 3 525 388 (үч миллион беш жүз жыйырма беш миң үч жүз сексен сегиз)сом акча каражатынан аткарылбай калган 2 351 201(эки миллион үч жүз элүү бир миң эки жүз бир ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |