Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2019-жылдын 27-апрели № 51
Сасык-Булак айылынын тургундарынын Сулаймановдун Туйгунбаевдун, Тоялиевдин, Түлкүбаедин жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Сасык-Булак айылынын тургундары Сулаймановдун, Туйгунбаевдун, Тоялиевдин, Түлкүбаедин жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сасык-Булак айылынын тургундары Сулаймановдун Туйгунбаевдун, Тоялиевдин, Түлкүбаедин жазган кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Сасык-Булак айылындагы Сулайман көчөсүнүн башындагы пайдаланылбаган бош жаткан 0, 04 га жер тилкеси намазкана курууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |