Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2019-жылдын 27-апрели № 54
Бекмолдо айыл аймагына полигон уюштуруу маселесин кароо жөнүндө
Бекмолдо айыл аймагына полигон уюштуруу маселесин карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагына полигон уюштуруу маселеси канаттандырылсын.
2. “Дыйкандын коосу” өзөнүндөгү чөйрөсызыгынан 8/12,4 га, анын ичинен 1,5га жер тилкеси Бекмолдо айыл аймагынын таштанды таштоочу жай үчүн уруксат берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |