Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезекcbp сессиясы
2019-жылдын 11-июну № 60
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жер адиси Исагалиев А.жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып , айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жер адиси Исагалиев А. жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. 2019-жылдын 10-15-сентябрындагы Улуттук көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында Панфилов районунун Суусамыр жайлоосундагы үч кошкон участогунан жерди узак убакытка Бекмолдо айыл өкмөтүнө ижаралоо менен кофе ичүүчү жайды баардык шарттары менен салууга уруксат берилсин.
3. Аталган участокко кофе ичүүчү жайды шарттары менен куруу үчүн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |