Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 11-июну № 65
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жер адиси Исагалиев А. Жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жер адиси Исагалиев А. жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Чоң-Токой, Кеңеш, Сасык-Булак жана Кара-Ой айылдарына генплан түзүү максатында топографтык көчүрмөсүн алуу үчүн 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |