Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 11-июну № 66
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбеков К.К.жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып,айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматтык автоунаасы жок болгондугуна байланыштуу кызматтык автоунаа алууга уруксат берилсин.
3. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысына кызматтык автоунаа алуу үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин .
4. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |