Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 11-июну № 68
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жер адиси Исагалиев А.жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жер адиси Исагалиев А. жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл өкмөтүнө жер адисине компьютер (комплект), компьютер коючу стол, жер ченегенге 50 метрлик метр, айыл аймагынын чектерин аныктаган картасы, принтер алуу үчүн 116 000 (бир жүз он алты миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |