Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 11-июну № 70
Кара-Ой айылынын тургуну Жумабеков Каныметтин жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айылынын тургуну Жумабеков К. жазган кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Чоңчычкан өзөнүнүн № 1683 чөйрө сызыгындагы 0,45 га жердин ичинен 0,15 га курулуш курууга жана 0,30 га жерге ар кандай техникалар үчүн токтоочу жай (стоянка) салууга жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |