Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 11-июну № 72
Талас облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Талас облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Талас облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Хан-Бүргө жана А.Бөрүбаев атындагы орто мектептин окуучу спортчулары Максатбек кызы Алина, Насирдин кызы Альбина, Эрланбекова Кылымкандарга кол күрөш (армрестлинг) боюнча 2019-жылдын 6-июнунан 12-июнга чейин Ыссык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында боло турган Азия Чемпионатына катышып келүү үчүн 14 000 (он төрт миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнөн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |