Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 11-июну № 74
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн вет.адиси Э.Жумашовдун жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн вет.адиси Э.Жумашовдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18.06.2015-ж. № 377 токтомунда көрсөтүлгөн эреженин негизинде Бекмолдо айыл аймагынын ветеринардык фитосанитардык коопсуздукту сактоо үчүн өлгөн малдарды тазалап туруу максатында биотермикалык чуңкур (яма Беккари) салуу үчүн 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |