Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 11-июну № 76
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековдун жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып , айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн К.Каныбековдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Чоң-Токой, Кеңеш, Сасык-Булак жана Кара-Ой айылдарыын таштандыларын чыгаруу жумуштарына 50 000 (элүү миң) сом,ишембилик жүргүзүү иштерине 30 000 (отуз миң) сом жана канцелярдык чыгымдар үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |