Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 5-июлу № 83
Бекмолдо жайыт комитетинин төрагасы С.Ашировдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Бекмолдо жайыт комитетинин төрагасы С.Ашировдун кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып , Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо жайыт комитетинин төрагасы С.Ашировдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Чоң-Чычкан , Бала- Чычкан жайлоосундагы жалпы фермерлерди Панфилов районунун жайыт ассоциациясы жана Бекмолдо жайыт комитетинин келишиминин негизинде жана Жерүй алтын кени иштетилип жаткандыгына байланыштуу, коопсуздукту камсыздоо максатында, Бекмолдо айыл аймагынын фермер малчылары Суусамыр жайлоосуна жайгашуусун Бекмолдо жайыт комитети аркылуу камсыздалсын.
2. Панфилов району менен Бекмолдо айыл аймагынын жайыт комитетинин ортосундагы келишиминде көрсөтүлгөн ар жыл сайын келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин 1 092 000 (бир миллион токсон эки миң) сом жана бир жолу көчүп баруусу жана көчүп келүүсү үчүн 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз ) сом акча каражатын төлөө жагы “Алтын Альянс” ЖЧКсынан Бекмолдо жайыт комитети аркылуу суралсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы жайыт котмитетинин төрагасы С.Ашировго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |