Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 5-июлу № 86
Асылкан Бөрүбаев орто мектебинин директору Б.Мүсүралиеванын жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
1. Асылкан Бөрүбаев орто мектебинин директору Б.Мүсүралиеванын жазган кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Кара-Ой айылындагы Асылкан Бөрүбаев орто мектебинин ажатканасын жаңы салууга уруксат берилсин.
3. Асылкан Бөрүбаев орто мектебинин ажатканасынын АПШ жана ИТШ сунун кызмат акысын жана сметалык наркын аныктоо үчүн 40 000 (кырк миң )сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |