Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 5-июлу № 88
Чоң-Токой айылынын тургунарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Чоң-Токой айылынын тургундарынын жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
1. Чоң-Токой айылынын тургундарынын жазган кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Чоң-Токой айылдарынын ички көчөлөрүн асфальтоого уруксат берилсин.
3. Чоң-Токой айылынын ички көчөлөрүн асфальтоо үчүн 4 000 000 (төрт миллион) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
4. АПУ жана ИТУсунун кызмат акысын жана сметалык наркын аныктоо үчүн 4 000 000 (төрт миллион ) сом акча каражатынын ичинен жумшалсын.
5. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |