Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 5-июлу № 96
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Сасык-Булак айылынын №8 бөлүмүнүн китепканачысы Мырзалиева Сүйүмкандын жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Сасык-Булак айылынын №8 бөлүмүнүн китепканачысы Мырзалиева Сүйүмкандын жазган кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Сасык-Булак айылындагы №8 китепканасына көргөзмө жана китептерди коюууга стеллаждарды жана керектүү буюмдарды алуу үчүн 81 600 (сексен бир миң алты жүз) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |