Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-марты № 6
Погрузчик техникасынын кызматына акы төлөө жана май куюу үчүн тарифтик баалар жөнүндө
Погрузчик техникасын эксплуатациялоодо тарифтик бааларын бекитүү максатында Жаргылчак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл жашоочуларынын жеке кызматына – 1000 сом, 20 литр май.
2. Айыл өкмөтүнөн тышкаркылар үчүн - 1500 сом, 20 литр май.
3. Погрузчик техникасы менен таш түртүүгө тыйуу салынсын.
4. Погрузчик техникасы менен кум, топурак жүктөгөнүнүн акылары, жүктөлүүчү машинанын көлөмүнө жараша: ГАЗ-53 техникасына 300 сом, 1 жүктөгөнүнө. КАМАЗ, ЗИЛ унааларына 500 сом, 1 жүктөгөнүнө. ХОВО унаасына 800 сом, 1 жүктөгөнүнө деп бекитилсин.
5. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областык башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн маалымат-технологиялар боюнча адиси Н.Ү. Акматовго тапшырылсын.
6. Токтомду көзөмөлдөөнү жайыт комитетинин төрагасы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | К.А.Мокеев |