Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-марты № 7
(COVID-19) Коронавирус инфекциясын алдын алуу жана жайылтпоо максатында кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн аймагында (COVID-19) Коронавирус инфекциясын алдын алуу жана жайылтпоо үчүн кошумча каражат бөлүп берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин эсебинен кошумча 120 000 (жүз жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын табууда бир беренеден экинчи беренеге жылдыруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.К.Ишебаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жаныбековго тапшырылсын.
Төрага | К.А.Мокеев |