Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-августу № 15
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасы жөнүндө
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн кызматтык “Митсубиси аутландер” маркасындагы 2008-жылы чыгарылган авто унаасы 2020-жылдын 11-августунда жол кырсыгына кабылып, жараксыз абалга учурагандыгына байланыштуу, авто унааны кайра оңдоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу темирге (металлаломго) өткөрүү жана кызматтык авто унааны кайра ордуна коюу максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаргылчак айыл өкмөтүнүн кызматтык “Митсубиси аутландер” маркасындагы 2008-жылы чыгарылган авто унаасы жол кырсыгына кабылып, жараксыз абалга учурагандыгына байланыштуу темирге өткөрүлсүн. Темирге өткөрүүдө төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы: Абдылдаев Ж.К.- айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
Мүчөлөрү:
- Төлөков У.П.-айыл өкмөтүнүн жер адиси;
- Мурат кызы А.-профсоюз уюмунун төрайымы;
- Усупбаева М.А.-чыгымдар боюнча адис;
- Мамытов А.С.-кирешелер боюнча башкы адис;
- Койчуманова А.- айылдык кенештин депутаты; (макулдашуу менен)
- Асаналиев Э.- айылдык кенештин депутаты; (макулдашуу менен)
2. Сатыктан түшкөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебине кириштелсин, аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.К.Ишебаевге милдеттендирилсин.
3. Авто унааны бардык талаптарга жооп бергидей кылып кайра ордуна коюу жагы, бир айлык мөөнөттүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жаныбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | К.А.Мокеев |