Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-декабры № 22
Жеңиш айылынын маданият үйүнө Декебаев Малайбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылындагы маданият үйүнө Декебаев Малайбектин ысымын ыйгаруу максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаргылчак айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылындагы маданият үйүнө Декебаев Малайбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Маданият үйүнө керектүү буюмдар менен камсыздоо, короосун көрктөндүрүү жагы үй бүлөө мүчөлөрүнөн суралсын.
3. Токтомду Ысык-Кол областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагын айыл өкмөтүнүн маалымат, технологиялар боюнча адиси Н.Акматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Жеңиш айылынын айыл башчысы Ишен уулу М. тапшырылсын.
Төрага | К.А.Мокеев |