Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-декабры № 24
Жайыт жерлерин жарандарга башка максаттарда пайдалануу үчүн жайыт акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жайыт жерлерин жарандарга башка максаттарда пайдалануу үчүн жайыт акынын өлчөмүн бекитип берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаргылчак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жайыт жерлерин жарандарга башка максаттарда пайдалануу үчүн жайыт акынын өлчөмү 1 га – 1000 (миң) сом, мал багуу максатында акы ШМВ-60с. жана гектарына 100 с. деп бекитилсин.
2. Мыйзамга ылайык келишим түзүү жагын жайыт комитетинин төрагасы Асанбаев А.Т. милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ысык-Кол областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагын айыл өкмөтүнүн маалымат, технологиялар боюнча адиси Н.Акматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жаныбековго тапшырылсын.
Төрага | К.А. Мокеев |