Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2020-жылдын 2-декабры № 162
Менчиктештирүү жолу менен акысыз негизде турак жайды менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 «Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө» токтомун көңүлгө алып, аялдардын эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Болотбековна Тыныбекованын Кыргыз Республикасынын спортун өнүктүрүүдөгү жогорку деӊгээлдеги эмгегин эске алып, Бишкек шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаары, Москва көчөсү, 191-үй, 145-батир дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 1-01-13-0013-0628-01-145 муниципалдык турак жай акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен Айсулуу Болотбековна Тыныбекованын менчигине өткөрүлүп берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык турак жайды белгиленген тартипте акысыз негизде менчикке өткөрүп берүү келишимин түзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчик жана транспорт маселелерин тескеген вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага |
Ж.Б. Абиров |