Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры № 117
Сасык-Булак айылынын жамаатынын жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сасык-Булак айылынын жамаатынын жазган кайрылусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылынын мечити жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу, мечиттин жанынындагы үйдүн ордуна жаңы мечит салууга уруксат берилсин.
3. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылынын мечиттин жанындагы үйдүн ордуна жаңы мечит салуу үчүн иш кагаздарды бүтүрүүгө 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин .
4. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |