Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 28-октябры № 120
Сасык-Булак айылынын тургуну Назаралиева Н. кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып,айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылынын тургуну Назаралиев Н. жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылынын тургуну Назаралиева Н. кызы Рыспекова Толгонайдын 2013-жылдан бери көзүнүн көрүүсү начарлап кеткендигине байланыштуу “Кыргыз-Түрк көз клиникасына” барып операция жасатуу үчүн 35 000 (отуз беш миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнөн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |