Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 28-октябры № 123
Сасык-Булак айылынын тургуну Алыбаев Болотбектин жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сасык-Булак айылынын тургуну Алыбаев Болотбектин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургуну Алыбаев Б. жалгыз жашап, эски сарайы жараксыз абалга келгендигине байланыштуу, жардам көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнүн кароосуна калтырылсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |