Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 28-октябры № 126
Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын 2019-жылдын 23-октябрында № 02-2975 жазган катын карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын 2019-жылдын 23-октябрында № 02-2975 жазган каты канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын жашоочусу Кыбалбекова Таңчолпонду 2019-жылдын 19-25-ноябрында Тайчунг (Кытай Тайчунг) өтүлүүчү Азия Чемпионатына греко-рим күрөшүнө катышып келүү үчүн 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнөн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |