Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 28-октябры № 117
Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын айыл башчысы Ракматов Д. жазган кайрылуусу жөнүндө.
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып,айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын айыл башчысы Ракматов Д. жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылында жаздан күзгө чейин суу тартыштыгы пайда болуп жаткандыгына байланыштуу чо ң арыктарды тазалап ке ңейтүүгө мехочистка техниканы жалдап иштетүү үчүн 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин .
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |