Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2019-жылдын 28-октябры № 132
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековдун жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылындагы Б.Сарногоев атындагы маданият үйүнүн жана Кара-Ой айылындагы Молдосанов Жакып атындагы бала бакчанын капиталдык ремонттору толугу менен бүтүп калгандыгына байланыштуу, ачуу аземин уюштуруу үчүн 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |