Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы № 11
"Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө"
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 34-сессиясы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 03.06.2014-ж. № 302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14.01.2015-ж. № 6 Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндөгү токтомдорун жетекчиликке алып, айыл өкмөтүндө “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү жөнүндө” жооптуу катчы А.Даниярованын сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүнүн аймагында кошумча кызмат көрсөтүүнүн реестри № 1тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген реестрдеги кызмат көрсөтүүлөр айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Казымовго жана ФЭБ башчысы К.Сатымкуловага жүктөлсүн.
Тѳрайымы | З.Тойчубекова |