Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 08-июну № 2
“Оро Биримдиги фондусуна түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө”
Оро айылдык кеңешинин кезекиеги 38-сессиясы Оро айылдык аймагынын “Оро Биримдиги” фондусунун башчысынын сунушу боюнча 2020-жылдын жарым жылдыгы үчүн фонддун эсебине түшкөн 2000000сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2020-жылдын жарым жылдык акча каражаты 2000000 сом өлчөмүндө белгиленсин жана айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык муктаждыктарына жана айыл тургундарынын арызынын негизинде бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Оро Биримдиги фондусунун башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Оро айыл өкмөтүнүн башчысы М.Казымов, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Тѳрайымы | З.Тойчубекова |