Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-апрели № 01
«Оро айыл өкмөтүндө тоорук өткөрүүнүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө»
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 37-сессиясы айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп, талкуулап, тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө жана алдын алуу боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланып, элдин көп топтолуусун болтурбоо максатында, карантин болуп жаткандыгына байланыштуу, Оро айыл өкмөтүндөгү КБФнын жерлерин ижарага берүү боюнча тоорук өткөрүүнүн мөөнөтү убактылуу токтотулуп, кийинки жылга 2021-жылга жылдырууга макулдук берилсин.
2. Карантин мезгили аяктаганга чейин айдап себүү иштери башталып калгандыктан, КБФнын жерлерин ижарага пайдаланып жүргөн субьекттерден мурдагы ижара акысы белгиленген өлчөмдө толук алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Казымовго жүктөлсүн.
Тѳрайымы | З.Тойчубекова |