Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 08-июну № 03
«Атайын каражат эсебине түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө»
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын атайын каражат эсебине 2020-жыл үчүн экскватордун элге кызмат көрсөтүүсүнөн түшө турган 60000 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жыл үчүн түшкөн акча каражаты 60000 сом өлчөмүндө белгиленсин жана анын ичинен:
ЖКХ бөлүмүнө: 2215 статьясына - 60000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Бүгүнкү күндө айлык акыга жана соц.фондко карызыбыз жок.
2. Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Оро айылдык аймагынын башчысы М.Казымов бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Тѳрайымы | З.Тойчубекова |