Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы № 4
«Штаттык тизимди бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-ж. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” № 451 сандуу токтомуна ылайык, Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн администрициялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктта жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен “Айыл башчысы” (айылдын старостасы) кызмат орду (2 штаттык бирдик) бекитилсин.
3.Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, бир бошотулган кызматкер –аскердик эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну, адис кызматтык маянасы менен ( 1штаттык бирдик) бекитилсин.
4.Сунушталган айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги толугу менен өзгөртүүсүз бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бакай-Ата башкармалыгынын жетекчиси (Г.Саманчиева) менен макулдашылып, эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Казымовго жүктөлсүн.
Тѳрайымы | З.Тойчубекова |