Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-январы № 05
«1-май айылындагы бала бакчага төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө»
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезексиз 33-сессиясы 1-май айылындагы бала бакчага кабыл алына турган балдардын ата-энелеринен алгачкы алынуучу ата-энелик бир жолку төлөмдөрдүн жана ай сайын кабыл алынган балага төлөнүүчү төлөмдүн суммаларын карап, талкуулап тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүнүн 1-май айылындагы бала бакчага балдарын берген ата-энелердин алгачкы бир жолу көрсөтүлүүчү ата-энелик жардамынын суммасы 3000(үч миң) сом өлчөмүндө белгиленсин жана кабыл алынган бир балага ай сайын 500(беш жүз) сомдон төлөм бекитилсин.
2. Ата-энелерден алынган каражаттар мыйзам чегинде бала бакчанын керектөөлөрүнө максаттуу жумшалсын жана ата-энелерден түзүлгөн комиссия тарабынан көзөмөлгө алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Казымовго жүктөлсүн.
Тѳрайымы | З.Тойчубекова |