Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-марты № 03
«Атайын каражат эсебине түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө»
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын атайын каражат эсебине 2020-жыл үчүн Сапаралиев Аскарбек атындагы балдар бакчасынын ата-энелеринин төлөмүн 467500 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап оро айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жыл үчүн түшкөн акча каражаты 467500 сом өлчөмүндө белгиленсин жана анын ичинен:
Балдар бакчасы бөлүмүнө:
2217 статьясына - 8100 сом
2218 статьясына - 459400 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Бүгүнкү күндө айлык акыга жана соц.фондко карызыбыз жок.
2. Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Оро айылдык аймагынын башчысы М.Казымов, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Тѳрайымы | З.Тойчубекова |