Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы № 12
«Спортсмендерге колдоо көрсөтүү жөнүндө»
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 34-сессиясы Оро айыл аймагынын Дүйнөлүк, Азиялык жана Республикалык деңгээлде ийгилик жараткан спортсмендерине бир жолу колдоо көрсөтүү тууралуу маселени карап, талкуулап тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлгөн мелдештерде Дүйнөлүк чемпионатка катышып, биринчи, экинчи, үчүнчү орунду камсыз кылган спортсмендерге 10(он)миң сом, Азиялык чемпионатында катышып, биринчи, экинчи, үчүнчү орунду камсыз кылган спортсмендерге 5(беш) миң сом, Республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышып, биринчи, экинчи, үчүнчү орунду камсыз кылган спортсмендерге 3(үч) миң сом акчалай каражаты, айыл өкмөтү тарабынан бир жолу колдоо иретинде берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрайымы | З.Тойчубекова |