КР Президентинин 2008-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 356 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-июлу ПЖ № 348 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кењеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иштерибоюнча Улуттук кењештин ишин андан ары өркүндөтүү максатында жана анынишинде топтолгон тажрыйбаны эске алуу менен токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 14-декабрында-гы N 437 "Кыргыз Республикасынын Президентине" караштуу сот адилеттикиштери боюнча Улуттук кењеш жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктуна төмөнкүдөйөзгөртүүлөр киргизилсин: - үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: " Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттор-дун сегиз судьясы, анын ичинде кеминде беш судья жергиликтүү соттордунсудьялары болуп саналат,"; - бешинчи абзацтагы "юридикалык бөлүм" деген сөздөр "укуктук сая-сат бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - алтынчы абзац алып салынсын; - сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: "- бир илимпоз-юрист - Кыргыз Республикасынын жогорку юридикалыкбилим берүүчү жогорку окуу жайынын өкүлү;"; - жетинчи - онунчу абзацтар алтынчы - тогузунчу абзацтар деп эсеп-телсин. 2. Жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасы-нын Президентине" караштуу сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кењешжөнүндө" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - I бөлүктүн 7-пунктундагы "юридикалык бөлүм" деген сөздөр "укук-тук саясат бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - I бөлүктүн 9-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен то-лукталсын: "Улуттук кењештин техникалык катчыларына да ушул бөлүктүн6-пунктунун күчү жайылтылат."; - I бөлүктүн 10-пунктундагы "тааныштырылууга тийиш" деген сөздөр"таанышууга укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - I бөлүктүн 11-пунктундагы экинчи абзац төмөнкү редакцияда баян-далсын: "Таламдаш жак чечим жарыялангандан кийин беш күндүн ичинде анынкөчүрмөсүн алууга укуктуу."; - I бөлүктүн 12-пунктундагы экинчи сүйлөм төмөнкү мазмундагы экин-чи жана үчүнчү сүйлөмдөр менен алмаштырылсын: "Таламдаш жак Улуттук кењештин жыйналышынын протоколуна кол коюл-гандан кийин беш күндүн ичинде аны менен таанышууга укуктуу жана өз сынпикирлерин ал боюнча чечим кабыл алуу менен Улуттук кењештин жыйналы-шында кароо үчүн үч күндүк мөөнөттө сунуш кылат. Таламдаш жак Улуттуккењештин төрагасынын уруксаты менен Улуттук кењештин жыйналышынынжүрүшүндө үн жазып алуу каражаттарын пайдаланууга укуктуу."; - I бөлүктүн 14-пунктунда: төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: "- жүйөлүү себепсиз Улуттук кењештин жыйналышына туруктуу келбе-гендиги үчүн Улуттук кењештин мүчөсүн чакыртып алуу жөнүндө Кыргыз Рес-публикасынын Президентине сунуш киргизет."; он экинчи абзац он үчүнчү абзац деп эсептелсин; - II бөлүктүн 2-пунктунда: биринчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат оруну ачылгандыгыжөнүндө Улуттук кењеш республикалык "Эркинтоо" жана "Слово Кыргызстана"газеталарына: - судьянын бош кызмат орду судьянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтбүткөндүгүнө же ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-стать-ясында белгиленген курактык чекке жеткендигине байланыштуу ачылганучурда жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат оруну ачылган күнгө че-йин алтымыш күндөн кечиктирбестен; - судьянын бош кызмат орду судьянын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөнмурда токтотулгандыгына байланыштуу ачылган учурда жергиликтүү соттунсудьясынын бош кызмат оруну ачылган күнгө чейин жыйырма күндөн кечик-тирбестен жарыялайт."; экинчи жана үчүнчү абзацтар төртүнчү жана бешинчи абзацтар депэсептелсин; - II бөлүктүн 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Атаандаштардын" де-ген сөздөн мурда "судьянын конкреттүү бош кызмат ордуна" деген сөздөркошулсун; - II бөлүктүн 5-пунктунун 8-пунктчасына "конкурска катышаар алдын-да бир жыл ичинде берилген" деген сөздөр кошулсун. - II бөлүктүн 7-пунктундагы "республикалык "Эркинтоо газетасына"деген сөздөр республикалык "Эркинтоо" жана "Слово Кыргызстана" газета-ларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - III бөлүктүн 1-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толуктал-сын: "Конкурс өткөрүү учурунда судья болуп саналган адам, ошондой элеушул Жобо бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын3-пунктуна ылайык судьялардын кадрлар резервинде турган адам квалифика-циялык сынак тапшырбайт."; - III бөлүктүн 3-пунктундагы "бир айдан" деген сөздөр "кырккүндөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - III бөлүктүн 9-пунктуна төмөнкү мазмундагы экинчи абзац кошул-сун: "Квалификациялык сынак тапшыра албаган атаандаш квалификациялыксынак тапшыра албагандан бир жыл өткөндөн кийин гана жергиликтүү соттунсудьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышууга укуктуу."; - III бөлүктүн 13-пунктундагы "ачык добуш берүү жолу менен" сөздөр"кењешүү бөлмөсүндө" деген сөздер менен алмаштырылсын; - III бөлүк төмөнкү мазмундагы 15-пункт менен толукталсын: "15. Эгерде бош кызмат ордунун ачылгандыгы жөнүндө конкурс жарыя-лоого чейин Улуттук кењешке судьянын бош кызмат ордуна дайындоо жөнүндөиштеп жаткан судьялардын арызы (арыздары) түшсө, ушул бөлүктүн жоболорутолук өлчөмүндө колдонулбайт. Андай болгондо Улуттук кењеш талапкерди(талапкерлерди) ушул бөлүктүн 13-пунктунун эрежелери боюнча карайт, му-ну менен бирге эгерде талапкерлердин бири да Улуттук кењештинмүчөлөрүнүн добуштарынын зарыл санын ала албаса, анда судьянын бош кыз-мат ордуна ушул бөлүктүн 2-пунктуна ылайык конкурс жарыяланат."; - IV бөлүктүн 1-пунктунун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү"Улуттук кењешке" деген сөздөн кийин "өз каршы пикирин тиркөө менен"деген сөздөр кошулсун; - IV бөлүктүн 2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Президенти сунуш кылынган талапкердичетке кагууга укуктуу. Анда Улуттук кењеш судьянын ошол кызмат ордунаконкурстун экинчи туруна өткөн калган талапкерлердин ичинен, эгер ан-дайлар жок болсо - судьялардын башка кызмат орундарына конкурстун экин-чи туруна өткөн талапкерлердин ичинен тандалган башка талапкерди, тан-далган талапкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон учурда, кайрадансунуш кылат. Эгерде аталган жол-жоболордун натыйжасы боюнча талапкертандалып алынбаса. Улуттук кењеш ушул Жобонун II жана III бөлүмдөрүнөылайык жањы конкурс жарыялайт жана өткөрөт. Судьянын бир бош кызмат ордуна бир нече талапкерди көрсөтүүжөнүндө сунуш киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Президентиалардын ичинен бир талапкерге макулдук берүүгө же бардыгын четке кагуу-га укуктуу. Четке кагылган учурда Улуттук кењеш ушул пункттун биринчиабзацында каралган жол-жоболорду өткөрөт."; - IV бөлүктүн 4-пунктундагы "бул талапкерликти судьялыкка дайындо-ого макулдук алуу үчүн кайталап киргизүүгө же кайрадан сунуш кылынганбашка талапкерликти киргизүүгө укуктуу" деген сөздөр "эки жумалыкмөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жањы талапкерди сунушкылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев