Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-августу №22
Суу түтүгүн тартууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Бакай-Ата айылынын жалпы дарыгерлер борборунан Шапак көчөсүнө таза суу түтүгүн тартууга 65400 (алтымыш беш миң төрт жүз) сом акча каражатын болүп берүү сунушун карап, талкуулап чыгып Ленинполь айылдык кеңешинин 2020-жылдын 04-августундагы 2-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айылынын жалпы дарыгерлер борборунан Шапак көчөсүнө таза суу түтүгүн тартууга 65400 (алтымыш беш миң төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы И.Садабаевге жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Шадыбеков |