Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 19-майы № 3/1-8
“А. Жусупбеков жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесинин 1-пункту, Талас шаардык кенешинин Регламентинин 2-бөлүмү, 3-бап, 3.1, 3.4. пункттарына ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын протоколдук чечимин бекитүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы бош кызмат ордуна “Республика” фракциясынан депутат А. Жусупбеков шайлансын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Кушубеков |