Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-июну № 5/2-8
“ А. Шабданов жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 43-беренесинин 4-пункту, Талас шаардык кенешинин Регламентинин 1-бөлүмү, 2-бап, 2.2 пункту, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 12.08.2011-жылдагы № 106 “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 10.06.2021-жылдагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриянын башчысы-МЭРдин бош кызмат орду боюнча шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын башчысы-МЭРдин бош кызмат ордуна “Асыл Мурас-Жаштар” фракциясынан сунушталган талапкер А. Шабданов жөнүндөгү Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Жусупбеков |