Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-июлу № 11/4-8
Талас шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 2020-жылга карата аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 44-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Талас шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн 2020-жылга карата жыйынтыктары жөнүндө отчетун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 2020-жылга карата аткарылышы “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
|