Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-июлу № 12/4-8
Талас шаарынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексининин мыйзамынын 117-беренесине ылайык, Талас шаарынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2020-жылдагы такталган планы – 131761,7 миң сом, аткарылганы -128322,0 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгүнүн такталган планы -143239,7 миң сом, аткарылганы-112675,7 миң сом өлчөмүндө жана анын ичинен республикалык бюджеттен максаттуу трансферт -1188,6 миң сом берилгени бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э.Аскаров) тапшырылсын.
Тѳрага | А. Кушубеков |