Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-июлу №14/4-8
Талас шаардык жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга киреше бөлүгүнүн долбоорун жана 2023-2024-жылдарга карата болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин мыйзамынын 95-беренесине ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 07.07.2021-жылдагы № 01-21/1057 сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга киреше бөлүгүнүн долбоору жана 2023-2024-жылдарга карата болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э.Аскаров) тапшырылсын.
|