Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-июлу №16/4-8
«Талас шаарынын аймагында таштанды чыгаруу боюнча салыктык жыйындын көлөмү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамынын 24-бөлүмү, 76-беренесинин 2-3- пункттарына ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгынын 17.02.2021-жылдагы №03-4/362 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №3 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 25.02.2020-жылдагы №253/36-7 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Талас шаарынын аймагындагы юридикалык жана физикалык (жеке ишкерлер) жактардан таштанды чыгаруу боюнча салыктык эмес жыйындар киши башына 50 сомдон бекитилсин жана жергиликтүү бюджетке төлөө мөөнөтү ар бир жылдын 1- сентябрына карата белгиленсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э.Аскаров) тапшырылсын.
Тѳрага | А. Кушубеков |