Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-июлу №20/4-8
«К. Жумабеков жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 06.07.2021-жылдагы № 01-21/1036 сандуу сунуштамасынын негизинде, Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси бош кызмат ордуна К.Жумабековду дайындоого макулдук жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси бош кызмат ордуна К.Жумабековду дайындоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Жусупбеков |