Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-июлу №21/4-8
«Талас шаарынын мэриясынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” №451 сандуу токтому жана Талас шаарынын мэриясынын 07.07.2021-жылдагы №01-21/1054 сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 01.08.2018-жылдагы №140/23-7 сандуу токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Талас шаарынын мэриясынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адиси социалдык маселелер боюнча адис болуп өзгөртүлсүн.
5. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э.Аскаров) тапшырылсын.
Тѳрага | А. Жусупбеков |