Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-июлу № 24/4-8
«Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын чарбалык эсептеги бөлүмүн жергиликтүү бюджеттин атайын эсебине киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин мыйзамынын 19-беренеси, Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын 12.07.2021-жылдагы №01-15/183 сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын (К.Жумабеков) чарбалык эсептеги бөлүмү жабылсын жана жергиликтүү бюджеттен атайын эсеп ачылып, баардык чыгымдар атайын каражаттын эсебинен жүргүзүлсүн.
2. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын атайын каражатынын эсебинен 33 штаттык бирдиги жана айлык акысы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына атайын эсеп ачып берүү жагы Талас каржы башкармалыгына (Ж.Ниязалиев) милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э.Аскаров) тапшырылсын.
Тѳрага | А. Жусупбеков |